Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран 18 жылга эркинен ажыратылды
14-жалган куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСокулукта 16 жаштагы кыздын зордуктоого шектелген жаранга сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Аrgument.kgге Чүй облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү 18 жылга эркинен ажыратылган.
5-декабрда милицияга 16 жаштагы кыздын атасы арыз жазып, белгисиз жаран кызын Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктап салганын билдирген. 6-декабрда кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган жаран кармалган.