Соке зыкымданбай жардам бергенде, Айкөкүл Асылбекова аман калат беле?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Президент катары Сооронбай Жээнбеков иштей албай шалдырап жатканда блогер Айкөкүл Асылбекова дайыма колдоого алып, жакшы сөзүн аяган эмес. Башкасын айтпасак да, 2020-жылдардагы пандемияда, Октябрь башаламандыгында жардам бергени белгилүү.

Аз күн мурда Айкөкүл оорудан улам каза болду. Жаткан жери жайлуу болсун! Өтө өкүнүчтүү… Таңгалычтуу жагдайдан алсак, көптөн бери сыркоолоп жүргөн блогер кызга Соке жардам бербей, зыкымданганы айтылды. Кыйын кезде колдогон, таяныч болгон Айкөкүл Асылбековага карабай койгону кандай? Мамлекеттин эсебинен байып, жыргап жашап жаткан “Шариман Шарипович” каралашып койгондо, байкуш кызыбыз тирүү калмак беле? Карачы, адамдык сапаты ушунча пас беле?

Кайран элибизди ушундай пенде үч жыл башкарып, туңгуюкка кептегени, төңкөрүшкө жеткизип туруп баса бергени ырас. Кырсыктар каптаган… Кыскасы, коррупцияга шектелгенине, пандемиядагы элдин кырылганына, Кой-Таш, Октябрь окуяларына Соке качан жооп берет?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg