Соке уялбай резиденцияда кантип жашап жатат?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Буга чейин камалып чыккан ондогон чиновниктердин коррупциялашкан иштери, Кой-Таш окуясы, пандемияда элге бербей өздөрү ээлеп алган гумжардамдар, миллиондор, акыры мамлекетти туңгуюкка алып келип салган көрүнүш – мунун баары Сооронбай Жээнбековдун акылсыз башкаруусуна байланыштуу. Мамлекеттик казынаны какшытышты, рейдерлик баскынчылык жолу аркылуу байлык талашууга барышты. Кыскасы, Кыргызстанды кыйратып баратканда Октябрь төңкөрүшү болуп кетип, бир Кудай сактады окшойт. Жыйынтыгында, экономикалык, социалдык, саясый көйгөйлөрдү Садыр Жапаровго “белек” катары таштап кетти. Алмазбек Атамбаевдин артынан Сооронбай Жээнбеков министр, губернатор, премьер-министр, президент болуп, жакшылыкка жамандык жасап, акыры досуна ит кордукту көрсөтүп, камап тынды. Эми бул маселени да чечиш керек. Санай берсек, баш ооруткан жагдай көп. Ошентип, мамлекетти артка тартканы аз келгенсип, учурда Соке кантип уялбай резиденцияда жашап жатат? Акыры камакка алынарын сезсе керек…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg