Сойкулугумдан уялбайм,акча тапсам болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен өзүм журналистмин. Бир күнү сауна иштеткен бир таанышым: “Бул жакка келип бир эс алып кетпейсиңби. Сага укмуш материалдар табылат”,- деп телефон чалганда айтылган дарек боюнча тез эле жетип бардым.  Ал жерде тал чыбыктай ийилген жаш кыздардын казысы салаңдаган эркектерди тейлеп жатканын көрүп аларга бир чети зээним кейисе,  акча үчүн ыплас ишке барган өзүңөр күнөөлүү деп бир чети кыжырым келди. Убакытты созуп отурбай арасынан көзүмө жакшы көрүнгөн бирөөсүн эки саатка сатып алып маекке тарттым. Акчаны болсо саунанын ээси өзү төлөмөй болду. Маектин жүрүшүндө  21 жаштагы Турсунай (аты өзгөртүлдү) мага төмөндөгүлөрдү ачык эле айтып берди.
—Өзүң жакшынакай эле кыз экенсиң. Ар ким менен жаткандан уялбайсыңбы?
—Эмнеге уялмак элем. Эң негизгиси мага көбүрөөк акча төлөсө болду да. Бул ишке өзүм аябай көнүп калгам. Эгер бул жерден кетсем эле өзүмдү көчөдө калчудай сезе берем. Учурунда башка ишке кетсемби деп жакшы эле аракет кылдым. Бирок эч жыйынтык болбоду.
—Мындай ишке кантип аралашып калдың эле?
—Эми мунун өзүнчө тарыхы бар. Анда шаарга жаңы келген келген кезим. Күндөрдүн биринде маршруткада баратып бир жигит менен таанышып калдым.  Аты Тимур болчу. Экөөбүз башында дос катары эле жүрчүбүз. Убакыттын өтүшү менен биздин достугубуз сүйүүгө айланды. Сүйөт десе эле эс-учумду жоготуп сүйгөн окшойм. Чынын айтсам ансыз жашоомду эч элестете алчу эмесмин. Бир жолу квартирасына барып  түнөп калдым. Тимур ошондо алгачкы жолу койнуна алып жатып кошулганга аракет кылды. А мен ага бир топ эле каршылык көрсөттүм. Ага болбоду.  Кыскасы, кыздыгымдан ажырадым .  Ызама чыдабай канчалык ыйласам да акыры өзүмдү күнөөлөп жер муштап отуруп калдым.
—Тимур экөөң андан кийин жолугуп жүрдүңөрбү?
—Ооба. Экөөбүз жолуккан сайын кумарга батчубуз. Ал боюма бүтүп калган учурда телефонунун номерин алмаштырып башка квартирага көчүп кеткенде биротоло үмүтүмдү үздүм. Аны бир топ убакытка чейин унута албай кыйналдым. Айла жок боюмдагы наристени алдырткандан кийин мага баары бир болуп калды. Бир жерге конокко барганда көңүлүмө жаккан эркекке этегимди ачканды көнүмүш адатка айландыра баштадым. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” болуп бир жолу акчага зар болгондо Цирктин жанына тура калгам. Ошол күндөн баштап сойкулардын катарын толуктап калдым. Бул жерге болсо саунанын ээсинин бир таанышы иштей турган кыздарды атайын издеп жүргөнүнү айтып алып келген.  Цирктин жанына караганда саунада иштеген жакшы. Саунанын ээси өзүнүн аялы жок экен, ал да кыздарга кирип кетет имиш. Мага ушунусу жаккан жок.
—Ал сага сойку катары эле мамиле жасайбы же…
—Ал мага иши бүткөндөн кийин кеткенче шашкан кардарлардай мамиле жасабайт. Акчаны ашыгы менен төлөп берет. Ага катары акыл-насаатын айтып келечекте өз теңимди таап аял катары бактылуу болушумду каалайт. Көңүлүмдү эч оорутпайт.
—Бул жерден тапкан акчаң өзүңө кенен жетеби?
—Арам иш менен тапкан акчанын берекеси жок болот окшойт. Күнүмдүк тирилигиме кенен жеткени менен ашыкча акча топтой албай койдум.
—Бул жерде иштегениңди үйүңдөгүлөр билбесе керек?
—Билбей эле коюшсун. Эгер атам билип калса өлтүргөндөн кайра тартпайт.
—Жеке турмушуңду өзгөртөйүн деген оюң барбы?
—Албетте. Мен деле бирөөнүн сүйүктүү жары болгум келет. “Эл оозунда элек жок” дегендей качандыр бир убакта айыбым ачылып калса күйөөмдүн бетин кантип карайм деп корко берем. Эми мени түшүнгөн адамдын чыгышы кыйын болсо керек. Чыккан күндө деле басынтып жашайт да.
—Угушума караганда бул жерде иштеген кээ бир кыздар өзүнүн кардарына турмушка чыгып кеткен учурлар кездешет экен. Буга эмне дейсиң?
—Мага деле үйлөнөм деп аракет кылган кардарлар жолуккан. Бирок өзүм эч макул болгон эмесмин. Баса баягы өзүмө жаккан кардарым көңүлдөш болууну каалап жүрөт. Эгер ал үй,тамак-аш, акча менен камсыз кылса, анда ойлонуп көрмөкмүн.
—Демек , мындай жашоо сага жагат экен да…
—Ар бир адам бактылуу болгонго акылуу. Ал экөөбүз бири-бирибизге жаксак болду да. Анын кээде келип кумарымды кандырып турганына эле ыраазы болмокмун.
—Ошентсе да жалгыздык деген жаман да…
—Сиздин айтканыңыз туура дечи.  А бирок азырынча жалгыздык тууралуу ойлоно элекмин. “Үмүтсүз бир гана шайтан” деген сөз бар эмеспи. Жакшылыктан үмүт үзбөй туралычы. Балким менин да багым ачылып калгысы бардыр…
Н.ГЕКТАР
Чагылган.кж

Аргумент.kg