«Слово Кыргызстана» гезитинин редактору катуу сабалды

«Слово Кыргызстана» гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Кифаят Аскерова 23-февралда сабалган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар анын кесиптештери маалымдашканын жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Аскерованы гезиттин коммерциялык директору Уматкүл Бралкеева сабаган.
Кесиптештеринин айтуусунда экөөнүн мурдатан мамилеси начар болгон. Кифаят Аскерова №4 шаардык ооруканага жеткирилгени кабарланды. Чатакташуу учурунда Бралкеева да жабыркаганы кабарланууда.
Кифаят Аскерованын сабалганы тууралуу маалыматты шаардык милиция да ырастады.
Милициянын маалыматына караганда, редактордун сабалганы тууралуу маалымат 23-февралда, саат 16:30 чамасында түшкөн. Учурда иш иликтенип жатат.
Кифаят Аскерова «Слово Кыргызстана» басылмасына башкы редактордун милдетин аткаруучу болуп, мурдагы баш редактор Курманбек Мамбетовдун ордуна дайындалган.

Аргумент.kg