«Сиз ыйлашыңыз керек!» Депутат президенттин өкүлүн сындады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 25-майда майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев өлкөдө иштетилип жаткан мамлекеттин үлүшү жок алтын кендери боюнча маселени көтөрдү.

Ал былтыр апрель айында Жогорку Кеңеште мамлекеттин үлүшү жок алтын кен иштеткен компаниялардын лицензиялык келишимдерин кайра карап чыгып, мамлекеттин үлүшүн 30%дан кем эмес киргизүү жана кийинки келишимдерге мамлекеттин үлүшүн тактап көрсөтүү сунушталып, кийин тиешелүү мыйзам кабыл алынганын билдирди. Депутат бул багытта иш алынып барбай жатканын айтып, президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

«Мыйзам иштелип чыгып, ага президент июнь айында кол койгон. Арадан бир жыл өттү, бирок эч кандай жылыш жок. Муну өкмөт көзөмөлдөш керекпи?! Биз мыйзамы кабыл алып бердик. Эмнеге өкмөт уктап жатат?!», — деди ал.

Токторбаев мыйзам ишке ашырылса, алтын кендеринде мамлекеттин үлүшү болуп, бюджетке миллиондогон каражаттар түшө турганын белгиледи. Ал мисал катары Таластагы Жерүйдө, Чаткалдагы Vertex Gold Company иштеткен алтын кенде мамлекеттин үлушү жок экенин айтты.

«Мурда (өкмөт — ред.) мыйзам жок деп айтчу. Мыйзамды кабыл алып бердик. Эми мыйзам артка иштебейт деп жатышат. Мен алтын иштеткен компаниялардын башчылары менен сүйлөштүм. Алар каршы эмес. «Силер өзүңөр кыймылдабай жатасыңар» дейт. Алар бизге «25%ды ал» деп чөнтөгүбүзгө салып бермек беле?! Бул боюнча механизмдерин иштеп чыгып, жеринен барып көрбөйсүнөрбү», — деди депутат.

Сөзүн улай эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев президенттин парламенттеги өкүлү Абытов күлүп отурганын айтып, аны сынга алды.

«Алмас Акунжанович сиз күлүп, жылмайып отурасыз. Сиз ыйлабайсызбы! Сиз ыйлашыңыз керек! Бул жакта эмне үчүн отурасыз? Ушул маалыматтарды өлкө башчыга жеткирбейсизби!», — деди ал.Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg