
Сириядагы жер титирөөдөн 3 айдан кийин урандыдан аман калган жаран чыгарылды
18-бугу, 2023-ж // Дүйнө кабары // Айпери ОсмоналиеваСирияда жаран жер титирөөдөн кийин урандылардын астында үч ай жатып, аман калган. Бул тууралуу Akhbar.fouri порталы билдирди.
Эркек киши урандылардын астынан 16-майда чыгарылган. Окуя болгон жерден тартылган кадрлардан адамдын абдан арыктаганы көрүнүп турат. Анын сөөктөрү көрүнүп калган. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Эске салсак, Сириядагы жер титирөө 6-февралда болгон. Сегиз күндөн кийин жергиликтүү бийлик табигый кырсыктын кесепетинен 1414 адам каза болгонун кабарлаган.