Сириядагы куралдуу согушка катышкан кыргызстандык кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун
өтүнүч талабы менен 2017-жылдан бери издөөдө жүрүшкөн Кыргызстандын эки
жараны атайын жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын негизинде Польшада
кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, издөөдө жүргөн жарандын бири  Сириядагы куралдуу кагылышууларга катышкан жана экинчиси Кыргызстандын Жазаларды аткаруу мекемелеринен качып жүргөн. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол УББнын кызматкерлери  тарабынан, эл аралык издөөдө жүргөн 45 адам кармалган, анын ичинен 14 адам чет өлкөлөрдө, 31адам Кыргызстанда болгон. Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагынан Интерпол багытында издөө иштери жүргүзүлүп уурдалган 10 унаа табылган, ошондой эле, 6 жараксыз айдоочулук күбөлүк жана 1 жасалма паспорт аныкталган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу Интерполго мүчө 195 өлкөнүн ичинен 50 мамлекет менен үзгүлтүксүз
кызматташып келет.

Аргумент.kg