Швецияда уурдалган кымбат жолтанбас Бишкекте автосалондон табылды

Швецияда уурдалган кымбат жолтанбас Бишкекте автосалондон табылды

20-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Бишкек шаарынан Европада уурдалган кымбат жолтандабастар табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, милиция кызматкерлери Европада жоголгон кымбат баалуу жолтанбастар тууралуу  Интерполдун жарыялоосуна дал келген унааларды автосалондордун биринен таап чыгышты.

Өткөн жылдын 30-декабрында борбордогу автосалондордун биринде тинтүү жүргүзүлүп, 18 унаа айып жайга киргизилип, анын ичинен 5 премиум унаа 2020-2021-жылдары Швецияда уурдалган, деп айтылат маалыматта.