Ширшовго таянган Иманов… Бөлтүрүктүн тагдырын кайталайбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов эрке балага айланган кербези. Карамагына “Кыргызтелеком”, “Альфа-Телеком”, “Дастан” заводу жана “Евразия сактык банкы” сыяктуу мамлекеттик ишканаларды алганы белгилүү. Өлкөдөгү негизги кирешелүү мекемелерди башкарып, дүңүрөңдөп иштеп жаткан чагы. Артында Ширшов турса, колдоосу күч болсо, таасири артып калганы ушул да. Бир нерсени эске салып коюу керек. Атайын текшерүүчү органдар санариптик өнүктүрүү министрлигине тыкыр көзөмөл кылышы зарыл. Убагында Теңгиз Бөлтүрүккө Кумтөрдү карматып салып, анысы өз билгенин кылуу менен мамлекетке миллиондогон чыгашаларды келтирип, учурда түрмөдө отурат. Ал эми Талантбек Иманов учурда катуу өзгөрүлгөн, семирген жылкы кыялын көрсөткөн сыңарындай. Эгерде Ширшовдун тескөөсү менен иштеп атса, ханга салам бербей калса, келечеги кандай болот? Кыкеңдер бат эле көөп кетет эмеспи. Жаза басып аткан жокпу? Эртең Иманов да Бөлтүрүктүн кейпин кийип, тагдырын кайталап калбайбы? Чоң акча айланган жерден кандай чатак чыгарын элестетели. Коңгуроо кагып турган кезибиз…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg