Ширин Айтматованын жолдошу “Вечерний Бишкекти” сотко берди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Белгилүү жазуучунун кызы  Ширин Айтматова   бул тууралуу өзүнүн Twitter баракчасына жазып чыкты. “Дагы жакшы, жолдошум юридикалык илимдердин кандидаты. “Вечерканы” сотко берип жатат”, – деп жазып чыкты
Виктор Гавришек аттуу киши маек берип, “Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев киши кыйноого тиешеси бар” деп айткан.
Виктор Гавришев өз маегинде: “ШИИБиде сурак учурунда менин уулумду токмоктогонго катышкан. Уулум айтып бергендей, Сыргак суракта өзүн жакын тааныштарынын арасында жүргөндөй сезип, самсы алып келип, анан сурактын жүрүшүнө катыша баштаган. Менин уулум чыдабай, сурактын аудиосун телефонуна жаздырып алыптыр. Коомчулук бул киши жөнүндө болгон чындыкты билсин. Кенжебаев менин уулумду көкүрөккө үч жолу муштаган. Мен сотто өз сөзүмдү далилдеп берем”, – дейт.
Булак: argument.kg

Аргумент.kg