Шейшеп текшерген жеңем бактыбызга балта чаап, ажыраштырып тынды…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 
 
Айпери менен жакындашып жүрчүмүн. Аны алууга батындым. Бирок бир маселе бар эле. Ал кыз эмес болчу. Жеңемдин иниси менен бир жыл мурда сүйлөшүп, ага кыздыгын алдырып коюптур. Аны мага айтып берген. Мен баарын кечирип, экөөбүз ынак болуп кеттик. Катуу сүйүп, үйлөндүк. Түнкүсүн жатканда кыздык белгиси жок болуп чыкты. Таң эрте жеңем шейшепти алып чыгып, эшиктин алдына илип салды. «Кыз эмес, шуркуя экен да…» деп элге жайды. Көрсө, иниси менен мамиле кылганын билип, бизге кыянаттык кылыптыр. Мен аргасыздан ажыраштым. Сүйүүбүз талкаланды. Бир күндүк үй-бүлөм бузулду. Айперини жакшы көрөм. Кайра үйлөнсөмбү? Ал да жаман абалда жүрөт…

Аргумент.kg