Шамурза Бөрүкулов: «Оштуктар митингде энеден туума жыпжылаңач болуп чечинишпей эле»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Митинг деген бул крышасы тайып калган желмогуз кемпирлерди көчөгө алып чыгып, аңкылдатып кыйкыртуу эмес. Митинг бул коррупция менен күрөш дешип алып, өлкөдө бир эле Раимбек Матраимов деген коррупционер бардай болуп, анын сүрөтүн көтөрүп алышып, а на самом деле коррупция эмне экенин түшүнбөгөн батыштын шерменделеринин жүрүшү эмес. Митинг деп, Раимбек Матраимовду колдоп Ош шаарында чыгышкан маданияттуу, салттуу, түшүнүгү бийик, чыккан максаттарын ачык билишкен адекваттуу элдин бийликке карата болгон талабын айтат. Өздөрүнүн жийиркеничтүү жапайы аракеттери менен ар дем алышта борбор шаарды булгап жаткан Отунбаева баш болгон бүлүндүргүчтөр! Ордолуу Ошко барып, митинг кандай болушун үйрөнүп келгиле. За одно меймандос түштүк элинин коногу болуп сый көрүп да келесиңер. Отунбаева жылаңачтарды музейге чыгарып алып: «урбанизация бул жакшынакай, нормальный, сонун жөрөлгө» деп мактап, ал эми урбанизацияны түшүнбөгөн айылдыктарды «мырктарга» чыгарып кемсинткен эле. Ошко барсын, Оштуктар урбанизация эмне экенин иш жүзүндө көзүнө сайып көрсөтүп коюшат, энеден туума жыпжылаңач болуп чечинишпей эле.»-деп жазды ал

Аргумент.kg