«Шамбала» кинотасмасы эл аралык «Жашайлы» кинофестивалына киргизилди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Режиссёр Артыкпай Сүйүндүков тарткан «Шамбала» тасмасы 27 -августтан 3 -сентябрга чейин өтө турган  Москва эл аралык «Жашайлы» кинофестивалынын негизги сынагына киргизилген. Бул тууралуу kyrgyzcinema.com сайты маалымдайт .

Тасма 29 -августта саат 20.00дө Москва кино үйүнүн чоң залында көрсөтүлөт.

«Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак пароход» романынын негизинде тартылган. Картинанын өндүрүшүн Төлөмүш Океев атындагы улуттук «Кыргызфильм» киностудиясы «Айтыш фильм» киностудиясынын катышуусу менен ишке ашырган.

Фестиваль 2011 -жылдан бери өткөрүлүп келет жана алгачкы жылдары жаш режиссерлордун чыгармаларынын көргөзмөсү болгон. 2016-жылдан тартып толук метраждуу көркөм жана анимациялык фильмдердин программаларын камтыйт жана Москвада өткөрүлгөн эң чоң кино көрсөтүүлөрдүн бири болуп калды. 2021 -жылы фестиваль эл аралык статуска ээ болгон.

Аргумент.kg