Шайырбек Ташиев кийинки президет болобу?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Шайырбек Ташиевдин дыйканга айткан сөзү туура эле. Негизи карапайым калк бийликке тоскоолдук жаратпай, өз оокатын өздөрү кылышы керек. Өзбектер кабагын бүркөсө Кемпир-Абад, Таджиктер кабагын бүркөсө Баткенден коридор, Кытай менен Оруска Жетим — Тоо сыяктуу кен байлыктарды берип олтуруп ынтымакты араң сактап атса, дыйкандар баарын ойрон кылууга акысы барбы? Кудайга шүгүр кылганды үйрөнүп, дыйканчылыктын ордуна мал баксаңар болбойбу? Чек аралар ачык, озбекстандын дыйкандарынын түшүмдөрү бизге кирер замат силердин мээнетиңер текке кетерин билбейсиңерби? Ошону билип туруп дыйканчылык кылган кыргыз дыйкандарын четинен жоопко тартса деле ашыкча болбостур? Шайырбек Ташиев кези келсе келечектеги президент болот. Кыргыз эли Раззаков менен Абдрахмановду өз учурунда колдой алган жок, а бирок Ташиевдерди миллиондогон эли колдоп алууга милдеттүү! Өлкөнүн келечеги Ташиевдерсиз абдан бүдөмүк! Кудай буюрса, кийинки президент Камчыбек Ташиев болот! Андан кийин Шайырбек, андан кийин Тай — Мурас…!! Бири — бирибизге тоскоолдук кылбай, ар кимибиз өз ишибизди кылсак жакшы болот. Дыйканчылыкты эптеп кыла албаган карапайым чортамандардын, улуу урматтуу Шайырбек Кыдыршаевичке тике карап сүйлөөгө акысы жок! Чынгыз Таалайбеков, блогер

Аргумент.kg