Шайлоодон кийин нааразычылыктар күч алабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 Шайлоонун шайтан оюндары башталып калган өңдөнөт. Саясий партиялар бири-бирине компрматттарды жаадырышып, каралоо менен алек. Таскагы катуу  чыгып, бийликке каршы партияларды өзгөчө каралоолор күч алууда. Жада калса дароо эле мурунку президенттер каржылайт деп фотошоп менен түрдүү сүрөттөрдү интернетке чыгарышууда. Кайсы билйик болбосун ушундай ыплас жолдору колдонулуп келгенин жакшы билебиз. Эгер түзүлгөн сценарий менен үч партия өтүп, калгандары сыртта калса кырдаал курчуп кетишин саясат таануучулар айтышууда. Албетте оппозициялык маанайдагы партиялардын парлмаентке кирбей калышы чоң чатакты пайда кылышы айтпаса да белгилүү. Ансыз да курчуп турган кырдаалды ого бетер курчутушу жакшы жакка алып барбайт.
ARGUMENT.KG

Аргумент.kg