Шайлообек Атазов: «Элди алдап, акчасын тоногондорду Башкы прокуратура «крышевать» этип жатат»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулду. Парламенттин жыйынына жалпысынан 60 депутат катышууда.

Анда эл өкүлү Шайлообек Атазов элди алдап, чоң суммадагы акчаларын алып качып кеткендерди укук коргоо органдары жаап жашырып жатканын билдирди.

«Биз акыйкатсыздык болуп жатканда аны карап, унчукпай койгонубуз кайдыгерлик болуп калат. Бүгүн коомдо үй алып берем деген бир топ пирамидалык топтор пайда болоду. Өкүнүчтүүсү мына ушул топторду «крышевать» эткен биздин укук коргоо органдары, прокуратура жана милиция болуп жатат. Сузакта 900 миң долларлык заводу бар инвестордук прокуратура «крышевать» этип, азыр иши токтоп калды. Буга мисал: ишкер улакчынын көз боёмочулук менен 120 миң долларын алып, анын үстүнөн арыз жазган учурда Башкы прокуратура тарабынан иш токтотулган. Алдамчылык кылган адам тууганы болот экен. Азыр алдамчылыктан жабыркагандардын баары ыйлап айтып жатат: арыз жазабыз, бирок анын тууганы болуп чыгып, иш каралбай, калат. Биздин революциялар кээ бир адамдардын байышы үчүн болуп жататбы деп ойлом.

Атазов ошондой эле, бул окуяга тиешелүү органдар келип түшүндүрмө берүүсүн талап кылды.

«Беш колун оозуна салбай, бир манжасын салып жашаса да болот. Эмне үчүн элди тоноп, алдамчылык кылгандарды «крышавать»этет, эмне үчүн алардын иши жылдап токтоп турат. Бул алдамчыларга чара көрүлбөсө, аларды «крышевать» эткен прокурлордун аттарын айтам», — деди Атазов.

Аргумент.kg