Шаикова качып кеттиби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ушул жылдын апрель айында тендер чуусу менен кызматтан алынган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикованын качып кеткени айтылууда. Ал тендер чырына байланышкан коррупциялык иштерге шектүү катары саналып келген. Бирок тиешелүү органдар тарабынан расмий айып тагылып, кылмыш иши козголгон эмес. Демек куйрук түйүп кеткени чын болсо, күнөөлүү катары кылмыш иши козголуп камала турганы боюнча кимдир бирөө кулагына шыбырап, өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн. Учурда 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендерге байланышкан коррупция жыттанган ишке шектелип, Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Сот Сарыбаев менен Абдуллаевди үй камагына чыгарган. Бул чатакта УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.
Булак: «Фабула»

Аргумент.kg