Шаардык сот да Сапар Исаковду 13-февралга чейин камакта калтырды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн 13-февралына чейин узартуу тууралуу Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Отурум 14-январда жабык өткөнүн Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) басма сөз кызматы билдирди. Исаков бул партиянын көрүнүктүү мүчөлөрүнүн бири.
Исаковду камакта кармоо мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүчтү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүлөрү берген. Муну алар Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо боюнча курулуш-техникалык экспертиза даяр эмес болуп жатканы менен негиздешкен.
Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. Ал өзү бул иште «саясий боёк» бар экенин айтып жатат. Соттук отурумдарда Исаков тергөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирип, бөгөт чарасын өзгөртүүнү сураган.
2018-жылдын январында ЖЭБдеги авариядан улам Бишкек шаары бир жумадай жылуулуксуз калган. Бул окуядан кийин аталган ишкананы оңдоодо коррупцияга жол берилгени тууралуу фактылар ачыкка чыга баштаган.
Булак: Азаттык 

Аргумент.kg