Шаардык келиним качан бизди чанып кетет деп жашаганыма 182 күн болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Анан 25 адамдан турган коллективди жетектейт…» Уулум оозундагы мантысын чайнап бүтө элек жатып, болочок келиним жөнүндө айта берди. Үч билими бар дегенде эле оозум ачылган, ошол бойдон жабыла элек. Уулум колун майлыкка сүртү, «апа бир нерсе деңизчи» деди. Оюма биринчи келген суроону узаттым. «Сени кантип карады?» Уулумдун жашоосу машина. Ыраматылык атасы дагы ошондой болчу. Айылда ал оңдобогон машина, трактор калган жок. Кичинесинен бери атасынын жанынан чыкпайт. Баарын үйрөнүп алган. 11-классты бүткөндө, башкалар сыяктуу эле балам шаарда окуса, юрист болсо дегем. Эми элден калбай ойлонгом да. Айылдагы техникумга тапшырганда капа болгом, үй-бүлөңдү кантип багасың деп сурагам. Азыр бул сөздөрүмө өкүнөм. Көрсө балаңдын бакыты ал сүйгөн кесибинде иштөө турбайбы. Кээде үйдө отуруп зериккенде жумушуна барам. СТО ачып алган. Мага бир запчастарын көрсөтүп, ар нерсени божурап жумушун кылып жатканын көрүп, уулум бактылуу экенин билдим. Кара майга чыланган колдору менен алып барган жармамды ичип жатканын көрүп ого бетер ынандым. Ар бир эне балам бактылуу болсо дейт, менин тилегим орундалды. Эми түгөйүн тапса деген эле тилегим калды. Сүрөтүн көрсөттү. Ак жумал кыз экен. «Алдыгы кара май колуң менен муну булгап албайсыңбы?» Дагы оюмдагы нерсени айтып алдым. Уулум күлдү. — Апа, мени аны бактылуу кылам. Туугандардын баары «шаардык жеңе» дешип жакшы көрүшөт. Келиним мага көп нерсе үйрөттү. Мурда кечке эле эт асып жей берчүбүз. Көрсө эттен толтура тамак жасаса болот тура. Инстаграмды үйрөтүп койгон. Пенсиям тиери менен үйгө инстаграмдан көргөн буюмдарды алганы базарга жөнөйм. Үй жаңырып калды. Келиним иштеп жатат. Кызматынан дагы көтөрүлдү. Уулум колун кара май кылып дагы эле СТОсунда. Экинчи СТОсун ачты. Ал дагы келери кеч жумушта. Балдарымдын бир жакшы жери, кечинде экөө чогуу үйгө келет. Бири-бирин күтүп турушат экен. Мен алар келгиче инстаграм чукулап эшикте отуруп турам. https://bilesinbi.kg/

Аргумент.kg