СЕНСАЦИЯ: Дарига Назарбаеванын уулу Айсултан таятасы Нурсултандын уулу экенин айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Казакстандын алгачкы президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан өзүнүн Facebook баракчасына таятасынын уулу экенин жазып, апасы Дарига таятасын илмекке илип койгонун жазган. Qazweek.kz порталынын журналисттери Facebook баракчасындагы телефонго чалып, Айсултан Назарбаев менен сүйлөшө алышкан. Азыр бул казак жигити Улуу Британияда жашайт.
– Мындай пост жазууга эмне себеп болду?
– Менин өмүрүмө коркунуч ар дайым болуп келген жана болуп жатат. А корккондо эмне? Өмүрүм жараткандын колунда.
– Өз апаңыз таятаңызды “илмекке илип койгон” деп жазыпсыз. Муну менен эмне айтайын дедиңиз эле?
– Биздин үй-бүлөдө көп нерселер болгон. Жашыруун көп нерселер бар… Мен калп айтышым керекпи же болгон чындыкты айтышым керекпи, билбей жатам. Бирок толук чындыкты мен деле билбейм, толук билгенге да мүмкүнчүлүгүм жок. Мен таятамдан төрөлүпмүн, башка бирөөдөн. Дарига апам багып алган экен. Мындай менин оюма да келген эмес. Анан көз тиет же бир нерсе болуп калбасын деп чочулашкан экен. “Биздин арабызда эле чоңойсун” деп таятам апама айткан экен. Ал эми апам: “Албетте, биз эле багып алабыз…” дептир. Бирок мезгил өтүп, бардыгы башкача өнүктү. Таятамдын жумушу көп болду. Мени өзүнө алгысы келиптир, бирок апам: “Сага барбайт, бербейм…” деп койгон экен.
– А эмнеге анткен?
– Апам магия колдонгон (Айсултан күлүп жиберди – ред.) Мен апамдан башка эч ким менен боло алмак эмесмин…
– Сиз болгон чындыкты айтып берем, бир документтерди көрсөтөм деген элеңиз?
– Эми, кандай десем, ал документтер жөнүндө азыр эч нерсе айтпайм. Бирок жакында балким силерге берет чыгармын… Эң башкысы, бир жерде өлүп калбасам болду. Менин атамды кантип өлтүрүшкөнүн билесиздер да. Чындыгында, Альнур (Альнур Альжапарович Мусаев – генерал-майор, Казакстандын УККсынын экс-төрагасы – ред.) менен апам атамды (Рахат Алиевди – ред.) өлтүрүшкөн.
– Сиз Елизавета Королевадан таятаңызга телефон чалып коюуну суранганыңызды жазыпсыз. Эмне деп сурандыңыз эле?
– Биздин Дарига Назарбаевадан атүгүл Улуу Британиянын Королевасы да коркот. Мен бул жактамын, дайыма болбогон нерселерге кабылып эле басып жүрөм. Бирок, чындыгында, апам мени атайын ушундай алыста кармап жатат.
Ушул маалда байланышыбыз үзүлүп калды… Айсултан Назарбаев эмнеге апасы аны алыста кармап жатканын айткысы келген. Бирок кайра байланыша албай койдук.
22-январда Айсултан Назарбаев блогер Ержан Тургунбаев менен сүйлөшүп, энеси Дарига Назарбаеванын дарегине катуу сөздөрдү айткан:
“Баарыңарга айтып коеюн, менин апам, кандай десем, ушул жугундуну чалган эң башкы мастан!”
Ержан Тургунбаевдин: “Демек, магиялык илимдерге кызыгат экен да?” деген суроосуна Айсултан: “Ооба, ар кандай нерселер менен алек болот… Саясатта бардыгы эле ушуну менен алек”, – деп жооп берген. Аны да магиянын күчү менен оозун баскылары келгенин, бирок колдорунан келбей койгонун айткан.
Кошумчалай кетсек, оппозиционер Мухтар Аблязов да 23-январда өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу Нурсултан Назарбаевге кайрылып: “Энеси небереңиздин көзүн тазалаганы жатыптыр, коргоп калыңыз” деп жазган.
Ушундан кийин Айсултан бүгүн эле Аблязовго: “Мага телефон чалыңыз, сөз бар эле…” деп жазган..
Кыргызчалаган KyrgyzToday.kg

Аргумент.kg