“Семирип кеттиң” деп төрт балам менен таштап кетти

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Ал эми күйөөм болсо бир айдан кийин жаш кызга үйлөнүп алыптыр…”

Ажырашуунун көптөгөн себептери бар. Сырт келбетинен улам күйөөсү таштап кеткен токмоктук аял өз окуясын айтып, кыздарды турмушка чыгарда болочок күйөөсүн жакшы билип алууга чакырды.

“Мен эки уул, эки кыз төрөп бердим. Ата-энебизге кемчиликсиз кызмат кылдым, эч ким менин ишимден кемчилик тапкан эмес. Бир гана күйөөм… ал мени төрт балам менен таштап, башкага үйлөнүп алды”, — деп көзүнө жаш алган Айнагүл аттуу келин себебин да жашырган жок.

— Мага койгон айыбы – менин толуп кеткеним. Мен турмушка чыкканда салмагым 59 кг болчу. Бала төрөгөн сайын салмак кошо баштадым. “Эмизген аялдар жакшы тамактанышы керек” деген ураанды карманып, балдарыма сүтүм жакшы болсун деп өзүмдү тамактан чектеген жокмун. Жолдошумдун “ой, сен жайылып кеттиң” дегенине анча маани берген эмес экенмин. Төрт баламды удаа төрөгөндө салмагым 103 килограммга жетти.

Туура, салмагым үчүн кыйналып, сыгылдым. Ал тургай төшөккө жатуудан да уялчумун. Бирок, кайра калыбыма келүүгө эрким жеткен жок жана кайындарыма, балдарыма кам көрүп, өзүмдү караганга убакыт таба албадым.

Бирөөгө таарынып, ачуулансам даамдуу, таттуу азыктарды жегим келет. Анан мен толбогондо ким толот?

Акыркы күндөрү күйөөм конок бөлмөдө уктоону адатка айлантып алды. Ооруп калдым деп дарыланып жүргөнүн айтса да, шектенген жокмун. Бир күнү күйөөм мага ажыраша турганын айтты. Ал буга көптөн бери даярданып жүрүптүр.

“Чынын айтсам, сени менен төшөктө жаткым келбейт. Аябай толуп кеттиң… менин жанымда өзүнө да, балдарына да жакшы караган жогорку билимдүү аялдын болгонун каалайм. Сени сүйбөй үйлөнгөнүмдү билесин да…”

Кыскасы ал арыз жазды. Биз мыйзамдуу түрдө ажыраштык. Балдар үчүн эки бөлмөлүү квартира алып берди, кечирим сурады. Ошентип, ыйлап кала бердим. Мага колдоо көрсөтүп, “фитнеске бар, өзүңө кара” десе, мен да аракет кылат элем го. Менимче аныкы шылтоо эле.

Балдарым биздин ажырашып кеткенибизди билишет, бирок эмне үчүн экенин кантип айтам?! “Мен семирип кеттим, ошол үчүн таштап кетти” деп айтамбы? Депрессияга түшүп, дароо салмак таштадым. Азыр баягы 103 кг салмагым жок, 74 кг болуп калды. Ал эми күйөөм бир айдан кийин эле жаш кызга үйлөнүп алыптыр. Каргабайм, бактылуу болсун. Бирок, кудайдын алдындагы парызынан кантип куталар экен?!

Эч болбосо, башка менен жүрүп кетсе, уруп-согуп, ошондон ажырашсак да мейли эле. Болгону толуп кеткениме байланышкан ажырашууну дагы деле кабыл ала албай жүрөм, — деп Айнагүл маегин жыйынтыктады.

Mediaplov.Asia

Аргумент.kg