Сеид Атамбаев: Бийлик Жээнбековдорго Атамбаевди чыгарбоого кепилдик берген

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата чыккан сот өкүмү боюнча депутат Сеид Атамбаев социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, бул чечимге бир гана Жээнбековдор кубанып жатканын билдирди.
“Бүгүнкү өкүмгө бир гана Сооронбай менен Асылбек Жээнбековдор сүйүнүп жатышат, аларга азыркы бийлик Атамбаев Алмазбек Шаршеновичти абактан чыгарбайт деп кепилдик берген! Албетте буга кээ бирлери кубанууда, абдан өкүнүчтүү! Жана Кудай алар менен болсун!”- деп жазган депутат Сеид Атамбаев.
Эске салсак, кечээ Жогорку сотБатукаев иши боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыраткан сот өкүмүн күчүндө калтырды.

Аргумент.kg