Сегиз жашар кызды муунтуп, денесин сууга ыргытып ийген

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сегиз жаштагы кызды теңтуштары муунтуп, денесин дарыяга ыргытып ийген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматта, сегиз жашар кызы курбулары менен сейилдеген бойдон дайынсыз болуп жатканы туралуу анын энеси полицияга арыз менен кайрылган. Көп өтпөй кыздын денесин дарыянын жээгинен табылып ага шектүү делген 13-жаштагы балдар кармалган. Алардын айтуусунда алар ойноп жүруп уруша кетишкен. Кызды коркутуп коюу максатта кызды кекиртектен алып катуураак кармаганда кызга дем жетпей эсин жоготуп койгон. Коркуп кеткен балдар кызды өлтүрүп алдык деп жардам берүүнүн ордуна кызды агып жаткан сууга ыргытып ийип, окуя болгон жерден качып кетишкенин мойнуна алышкан. Учурда кылмыш иши козголуп тергөө иштери башталды.

Аргумент.kg