Саясатта топ жарган Ташиев… Зулушев менен Ниязбековдун күчү келеби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Соңку убакта башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ички иштер министри Улан Ниязбековдун мамилеси жакындашып, эки структуранын кызматташуусун жакшыртууга салым кошо башташты. Ошого катар УКМКдан сак мамиле жасашып, ыңгайына жараша таасирин тыюуга, керек болсо каршылык көрсөтүшөрү тар чөйрөдө талкууга алынганы кандай? Аныгында күч органдарынын карама-каршы аракеттери эмнеге алып барат? Курманкул Зулушев менен Улан Ниязбеков жөн жерден бирикпесе керек. Соңку жүрүштөргө Камчыбек Ташиев кандай реакция жаратат? Президент Садыр Жапаров мындай шартта мыйзамга ыктап, нейтралдуу позицияны карманары айтылууда. Кызык оюндар алдыда козуйт окшойт. Канткен күндө да, Камчыбек Ташиев оңой жоо эмес. Саясатта эчен кармаштарды башынан кечирген, топ жарып келгени белгилүү. Бул саам жеңишти камсыздайбы же?..

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg