Саркарбаев Матраимовдун колун өпкөн видеону чыгарган жигит сабалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош шаарынын спорт комитетинин мурдагы башчысы Кылычбек Саркарбаев коррупция иши боюнча соттолгон Райымбек Матраимовдун колун өөп жаткан видеосун соцтармактарга чыгарган жигит сабалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, видео социалдык тармактарга чыгып кеткенден кийин аны чыгарган жигит сабалган. Сабагандардын арасында Кылычбек Саркарбаев да болгон. Милицияга маалымат түшкөндөн кийин Саркарбаев укук коргоо органдарына жеткирилип, маектешүүдөн кийин кое берилген.

Ал эми Октябрь райондук милициясынын маалыматы боюнча, 1-майда саат 03:31де шаардык милициянын «102» кызматына «Асанбай» районунда мушташ болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине милиция кызматкерлери барып, тергөө кызматына 35 жаштагы Э.А. жана 36 жаштагы С.К. аттуу жарандар жеткирилген.

Бул факт каттоого алынып, учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыз билдиргендей, жабырлануучу милицияга арыз жазган эмес.

Эскерте кетсек, буга чейин Кылычбек Саркарбаев Райымбек Матраимовдун колун өөп жаткан видео социалдык тармактарга тараган.

Аргумент.kg