Сариев же Сегизбаев 15 күндүн ичинде премьер-министр болушабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жакын арада өкмөттүн маселеси каралып, премьер-министр Мухамбеткалый Абылгазиевди айдаганы калышыптыр. Угушубузга караганда, премьер-министрликке Темир Сариевдин талапкерлигин каратышат экен. Максат Чүйдөн аброй топтоо, Атамбаевдин аброюн Чүйдөн алсыратуу болушу мүмкүн. Эгер ал болбой калса, мурдагы УКМК башчысы Абдил Сегизбаевдин талапкерлиги кийинки кезекте турат деп жатышат.
Учурда коомчулук, «Абдил Сегизбаев Атамбаевди сатып кетти, анын берген маалыматынын негизинде Сапар Исаков камакка алыныптыр» деген ой-пикирлерди айтышууда. Эгер Сапар Исаковдун ордуна Абдил Сегизбаев премьер-министр болмок экенин эске алганыбызда, коомчулукта айтылган сөздүн чындыгы бардай. Сапар менен Абдилдин ортосунда ырк кеткени ырас.
Анын үстүнө Абдилге генерал наамын Сооронбай Жээнбеков Атамбаевге айтып жатып бердиргени боюнча да аңыз кептер бар. Кандай болгон күндө да, Сегизбаевдин кадамдары коомчулуктун көзөмөлүндө тургансыйт. Учурда анын ар бир баскан кадамы элге кызык болууда. Көчөдө жүргөн жеринен сүрөткө тартып интернетке жүктөп жатышат. Эмнеси болсо да убакыт өзү тараза болоор…
Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg