Сапар Исаковдун чалган боткосун Атамбаев жалгыз жейби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Чуулгандуу Бишкек ЖЭБ баарыбыздын эсибизде калган. Эгерде ошол 2017-жылы авария болбогондо балким жабылуу аяк жабылуу бойдон калаар беле ким билет.
Анда эмесе кеп башынан болсун. Бакиевдер Кыргызстанды каалагандай калчады, Максим Бакиев баары жокту жеп салды деген учурда да бул Бишкек ЖЭБ модернизациясына 150 млн $ гана кредит алууга ниет кылган. Ошол эле долбоор Атамбаевдин учурунда ишке ашты. Кантип дебейсиздерби? 150 млн долларга бүтөт деген Бишкек ЖЭБ үчүн 380 млн $ Кытай Эл Республикасынан кредит алынды. Ал эми модернизация кандай деңгээлде болгондугун элдин баары билет. 600 долларлык кычкач, сынган айнектердин да алмашылбаганы, кышкы аварияда бишкектиктердин тоңуп үшүгөндүгү. Алынган кредиттин ондон бири да ЖЭБге сарпталбагандыгы күнү бүгүнкүдөй элдин эсинде.
Эми ошол кредитти алуу таржымалына келсек. Ал акчаны Кытайдан кредит түрүндө алууну ак эткенден так этип күткөн киши ири алдыда Сапар Исаков болгон. Сапар Исаков ханзаада Максимдин сыноосунан өтүп, ЦАРИИге тандалгандардын бири эле. Бишкек ЖЭБ модернизацилоонун аки чүкүсүн андан жакшы эч ким билчү эмес. Ошонун демилгеси менен алынган кредит. Ал кредиттин канчасы Атамбаевдин чөнтөгүнө, канчасы башкалардынкына кетип, ЖЭБ чындыгында канча акчага жаңылангандыгын Сапар Исаковдон жакшы эч ким билбейт. Албетте ал долбоорго деген акчанын арстандыкындай үлүшүн Атамбаев алды дечи.
Тажикстан биз алган кредиттин жарымын гана Кытайдан алып, жаңы ЖЭБ куруп алышты. Абиз модернизацияны да эптеп кылбай, кыштын күну аварияга кабылдык. Күнөөлүүлөр Атамбаев менен Сапар Исаков. Анткени бул иш депутаттык комиссия менен изилденген учурда иштин учугу келип ошолорго такалган.
Былтыр октябрь окуясында элдин баары таза шайлоо, анан ким бийликке келет деп жан алакетке түшуп жатканда, түрмодөн качып чыгып чет өлкөгө жылт койду. Өзү кетмектен кетсин эле, артында тарых музейи, Бишкек ЖЭБ сыяктуу кыңыр иштери турат. Эми өкмөт аны экстрадициялоо ишин колго алыш керек. Антпесе бул иш да бүтпөй калбасын. Кыргызстандын элин карызга батырып кете бермей булар үчүн салтка айланып баратат.

Касымбек Жумаев

Аргумент.kg