Сапар Исаков менен Артыкбаев айтыша кетишти…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкекте бүгүн, 16-мартта Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүүдө.
Соттук отурумдун жүрүшүндө Сапар Исаков сүйлөп жатканда Осмонбек Артыкбаев  отурган жеринен “Сен команда бергенсиң, азыр отуруп алып актанып жатасың”,- деп кыйкырды.
Сапар Исаков: “Электр станциялары өз алдынча чечим кыла албайт. Мен берген көрсөтмөмдө Осмонбек Артыкбаевге каршы эч нерсе жок” деди.
Эске салсак, райондук соттун өкүмү менен мурунку өкмөт башчысы Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды. Андан тышкары, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башчысы Салайдин Авазов дагы камалган.
Мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев менен Финансы министри Ольга Лавровага айып салынган-деп fakt.kg жазып чыкты.

Аргумент.kg