Сапар Исаков Кремлден Путин менен жолугушуптур. Эми эмне болот?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өздүк булагыбыз билдирди: экс-премьер-министр Сапар Исаков Кремлден Путинге жолукканы боюнча. Бирок ортодо кандай сөздөр болгону ачыкталган жок. Сыягы, Кыргызстандагы кырдаалды талкуулашып, келечекке карай анализ кылыштыбы? Соңку убакта Сапар Исаковдун духу көтөрүлүп, бийликке келерин айтып, жакындарын дүрбөтүп атканын кулагыбыз чалууда. А өлкөдөгү саясый күчтөр “сары баланы” колдошору белгисиз. Калың катмар, кландар, элиталык топтор копшолбосо, бир муштумга түйүлүү менен колдоо кылышпаса, кантип бийликти алат? Азыр коомчулуктун саясый сабаты, көзү ачылган. Кремлдин жан тартканы эл астында шоона эшпей калсачы? Көпчүлүк менен эсептешпесең, эч кандай майнап чыкпасы белгилүү эмеспи. Же Сапар Исаков кырдаалга жараша саясый күчтөрдү тартып, убактысы келгенде пиар кампаниясын иштете баштайбы? Белгисиз. Бийликке келиши азырынча миф сыяктуу гана сезилүүдө.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg