Самат Кылжыев менен Азамат Араев камактан чыгып кеткенин уктуңарбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Абылгазиевдин аппарат жетекчиси Самат Кылжыев менен бөлүм башчысы Азамат Араев радио жыштыгына байланыштуу коррупцияга айыпталып, өткөн жылдын соңунда камакка алынышкан. Сот тарабынан булар жакынкы айларда эле биринен сала бири бошоп кеткени кандай? Же расмий маалымат берилбесе, акталдыбы, үй камагына чыгыштыбы? Мындай хохма Кыргызстанда гана болуп жатканы өкүндүрөт. УКМК коррупцияга айыптап камайт, соттор шектүүлөрдү коё берип жиберишет. Коррупцияга каршы күрөш ушинтип жүрмөк беле? Радио жыштыгы боюнча парламенттен чоң чуу көтөрүлүп, он миллиондогон долларлар желип кеткени айтылган. Ал эми реалдуу турмушта жазасын албагандар кандай үлгү көрсөтүшмөк элe? Экс-премьер- министр Мухамметкалый Абылгазиев дал ушул коррупциялык иш боюнча айыпталып жаткан, бул жагы да дымып калды. Сыягы, «жең ичинен» бүтүп жатабы?…  Азия ньюс гезити

Аргумент.kg