Самараны кызматка дайындай коём деген Секимов сөгүш алабы?..
07-жетинин айы, 2018-ж // //Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов мекеменин статс-катчысы Бактыбек Секимовго сөгүш жарыялоо боюнча өкмөткө сунуш киргизди. Бул тууралуу министр билдирди.
Жаманкуловдун айтымында, Секимов ырчы Самара Каримованы ал министр боло элек кезде кызматка дайындаганы мыйзамсыз болгон.
Эске салсак, министр Азамат Жаманкулов ырчы Самара Каримова Ныязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматынан бошотту. Каримова музыкалык орто окуу жайдын директорлугуна 30-октябрда дайындалган.
Булак: «Мантыш»