Самара Каримова эмнеге кейиди?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Эстрада ырчысы Самара Каримова Инстаграм баракчасы аркылуу Жаратканга жалбарып Кыргызстанга тынчтыкты тиленди.

Ал: “Эээ жаратканым, Аллахым элибизге тынчтык бере көр, сенден жалынып, ыйлап, жалбарып сураймын. Баткенимди өзүң сакта, чек арада жашаган бир туугандарыбызды өзүң сакта. Аман-эсен таң атсын. Урматтуу биздин чоң кызматта иштеген улууларыбыз жардам бериңиздер сураныч, өтүнүч. 1 чек арачы каза болуптур бүгүн. Бул биринчиси эмес, жарадарлар бар экен. Биздин чек арачыларыз аз, алсыз болушу мумкун, сиздерге куч-кубат биз сиздер мененбиз баатырларыбыз. Дуа кылыңыздар. Жаратканым Кыргызстаныбызды сактасын. Ыйлап, жалбарып сураймын Аллахым», — деп жазды Самара Каримова.

Ырчынын жалбарганы анын күйөрмандарына жакты жана Самара кошулуп көпчүлүк жылуу пикирлерин калтырышты

Булак:Заман.кж

Аргумент.kg