Салык кызматынын төрагасы алмашты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Эт эмес же чел эмес” мажүрөө Теңизбек Абдыжапаров Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду. Анын ордуна Кабыл Абдалиев дайындалды. Абдалиев 2012-жылы Салык кызматын жетектеген эле. Биз какшап жазып жаткандай эле кадрдык кризис. Абдалиев буга дейре аталган тармакты жетектеп турганда катуу сынга кабылып иштен кеткен. Эми ошол адамды кайрадан баягы кетмендин башын кайра тебеле кылып алып келишти. Деги бизде мамлекеттин келечегин, элдин турмушун ойлогон адам калганбы? Бийлик такыр эле мурдунун учунан алысты көрбөй карайлап калды. Эшектин тушоосун чече алышпагандар менен алыс барбай калдык окшойт.
БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg