Саясый стратег Бекболот Талгарбековдун тажрыйбасын пайдаланууга мезгил келди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Учурда кадр саясатынын оңолбогону элибизге кедергисин тийгизүүдө. Качанкыга чейин тамтаңдайбыз? Өзгө-жатка бөлүү, тууганчылык, жердешчилик “ит ооруларынан” арылабызбы? Сабатсыздар аксарайга толуп кетишти го?..

Маселен, өнүккөн өлкөлөрдө ишбилги адистерди саясый көз карашына же курагына карабай, жогорку кызматтарга дайындашат. Аларда кайсы бир системаны оңдоп, алдыга жылдыруу маанилүү. Экономикасы күчтүү мамлекеттерде негизинен чечүүчү постторду жашы алтымыштан өткөн, билимге, тажрыйбага каныккан кадрлар аркалайт. Ошол эле Сингапур, Малайзия, Кытай, АКШ, Европа ж.б. А бизде “дакансалар”, “келатат жаштар, келатат” деген жалган ураандарга жамынуу салтка айланып калгандай. Бул сандырактык! Негизинен жаштардын психологиясында шапар тебүү, кымбат машина, хансарайларды алуу азгырыгы бар. Ошон үчүн бизде коррупцияга кабылган колу туткактар арбын…

Ал эми алтымыштан өткөн кыраакылар өздөрүнүн атын таза сактоого, тарыхта калууга жан үрөшөт. Ушул жерден суроо туулат: эмне үчүн биз жакшы билген, саясый стратег Бекболот Талгарбековдун тажрыйбасын мамлекетти өнүктүрүү үчүн пайдаланбайбыз? Бул адам жаш кезинде ийгиликтүү жетекчи катары бир катар жогорку кызматтарда иштептир. Билимге каныккан, көрөгөч. Ар дайым туура багытты көрсөтүүгө дилгир жана чынчыл. Убагында жалган жалаа менен саясый куугунтукту баштан кечирип, түрмөдөн майтарылбай чыккан… “Атаң алтымыштан ашканда алдап-соолап күчүн ал” деген даанышман кеп бекеринен айтылбаса керек. Дал ушул Бекболот Талгарбековду кандай гана кыйсыпыры түшүп аткан тармакка алпарсак да, оңдоп кетерине ишеним күч. Ириде, бийик көз карашы, мамлекетчил сезими бар. Реалдуулук ушундай. Абийирине камчы салбайт…

Бирок, бизде баягы эле көралбастык, принципсиз аракеттер коомду тумандатып, кайда алып баратканы белгисиз. Качан масштабдуу, калыс маанайында ой жүгүртөбүз?

“Азия Ньюс” гезити

Аргумент.kg