Сайкал Садыбакасова: Өмүр бою анын келбестигин моюндап жашоонун өзү — ары азап, ары тозок экен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ырчы Сайкал Садыбакасова 2020-жылы 18 жашында жүрөк оорусунан каза тапкан бир тууган иниси Эркинди эскерип, Инстаграмдагы баракчасына жазды: — Жараткан берген шыбагасы — ыр дүйнөм бар. Ошол ыр дүйнөм менен алаксып, ошол ыр дүйнөмдөн ырыскымды терип жеп тирүүлүктүн күндөрүндө жүргөнүмө миң шүгүр. Бирок бөксөргөн жан дүйнөндөгү кемчилик, бир тууганыңдан ажырап, өмүр бою анын келбестигин моюндап жашоонүн өзү — ары азап, ары тозок экен. Он гүлүндүн бир гүлү ачылбай кеткенин эстегенде сай-сөөгүм сыздайт, жүрөгүм жанчылат, болгон дүйнөм бырчаланат. Ал учурдагы мендеги сезимдерди сөз менен жеткирип берүү кыйын. Куран окуп, бейиште жүрөгүндү моюндап, аргасыз өзүмдү өзүм алаксытам да. Апам экөөбүздүн канатыбыз, жашоодогу коргоочубуз, колдоочуубуз жалгыз сени Жараткан бизге ыраа көрбөй, өзүнө алып алганына үшүнчалык ызаланам, көз жаш тыйбайм. Канткен күндө да кайтпас сапарга кеткенинди ойлоп, куран багыштап гана тим болом. Аллахым өз ырайымына алсын. А мен апамдын канаты, сырдашы, колдоочусу, коргоочусу болуп берем деп сөз берем.

Аргумент.kg