Садыр Жапаровдун жубайы баласын эскерип баарын ыйлатты…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Берекем Дастаным, сени эстебеген бир да күнүм өтө элек. Ар дайым ойумдасың. Сени менен ойгонуп, сени менен уктайм. Асмандагы эң жарык жылдызды сен деп элестетем. Сен төрөлгөндө жаштыгыма карабай энелик сезим менде сен үчүн өтө күчтүү эле. Акылдуум менин. Жанда жок боорукер, жылдыздуу элең балам.😢😢😢Өжөрлүгүң да күчтүү эле.
Дастан, бизде баары жакшы. Атаң аман-эсен, күүлү-күчтүү отурат. Чыгарганга эрки жетпей, чыгарбай жатышат. Эли күндөн-күнгө атаңдын эмгегин билип, баалап, толкуп жатышат. Кудайым буюрган күнү чыгып келип, арабызга кошулуп калаар. Рустам үйлөнүп, баарыбызды кубантты. Ринат үйлөнөм деп турат. Кудайымдын жазганына баш ийдим балам. Өзү берген, өзү алып кетти. 😢😢😥
Сенин атыңдан соопчулук кылып, балдар үйүнө барып турабыз. Кадимкидей жеңилдейм. Жетим балдар кубанса, сен кубангандай сезилет бизге. Жаз алды менен сенин атыңдан шарты татаал, суусу жок жаңы конушка суу чыгарып берели деген максатыбыз бар. 🙏🏻🙏🏻🙏🏻
Көп адам сени жоктоп келет. Досторуң, чогу иштешкендериң жана жакын туугандарың. Ар бир адамдын жүрөгүнөн өзүңдүн жөнөкөйлүгүң менен орун алган экенсиң балам. Рустам сенин атыңдан Умрага кетти. Аллах кабыл кылсын!🤲🤲🤲
Жаткан жериң жайлуу болсун, Аллах бейишинен берсин балам,-деп эскерүү калтырган мурдагы депутат Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева Фейсбуктагы өздүк баракчасына.

 

Аргумент.kg