Садыр Жапаровдун сотунда фото менен видеого тыюу салынды

Саясатчы Садыр Жапаровдун ишин карап жаткан Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы жараянды фото жана видеого тартууга тыюу салды.
Соттук коллегия Жапаровдун жактоочуларынын процессти сүрөткө, видеого тартуу боюнча өтүнүчүн канааттандырган жок. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусуна тыюу салынган жок.
Чүй облустук соту камактагы саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын кабыл алып, даттанууну бүгүн карап жатат.
16-июлда Аламүдүн райондук соту саясатчы Садыр Жапаровдун мунапыска байланыштуу түрмөдөгү жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) сунушун кабыл алган эмес. ЖАМК Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөрүн, ага мунапыс берилсе абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.
Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган. (BTo)
БУЛАК: азаттык

Аргумент.kg