Садыр Жапаровдун балдарын сабаткан Данияр Абдыкаров Бишкек ШИИБни чуркап атабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

ИИМдин экс-орун басары Данияр Абдыкаров Бишкек ШИИБге тымызын чуркап атканы каңкууланды. Артындагы көп чуулгандары ЖМКларга чыгып келгени эсибизде. Алмазбек Атамбаевдин доорунда анын карьерасы көтөрүлүп, генерал-майор чин-даражасын алган. 2017-жылы Данияр Абдыкаров ИИМдин орун басары болуп турганда Садыр Жапаровдун балдарын, тарапташтарын УКМКнын алдынан сабатканы, кырдаалды өзү көзөмөлдөп турганы жалганбы? Дача-СУга самолёт кулаганда Бали аралына чер жазганы кетип калып, кызматтык жоопкерчилик тартпай калганбы? Кийин Сооронбай Жээнбеков бийлигинин тушунда Түркияга жетекчиликтин уруксаты жок эс алганы барып, ээлеген креслосунан алынганын кайда жашырат? Агездеги министр Кашкар Жунушалиев аргасыздан Данияр Абдыкаровду ИИМдин орун басарлыгынан кетиргени ЖМКларга чыкканычы? Өмүр бою милиция системасында иштеп, долларлык миллионерге айланганын танабы? Айтор, артынан убай-чубаган соболдор арбын. Коомчулукка бир үн катып, жооп берип койсо…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg