Муфтий Замир Ракиев Бишкектеги имам Сарахсий мечитинде айымдарга президент Садыр Жапаров тарабынан берилген жоолуктарды тапшырып, аял затынын исламдагы ордун түшүндүрдү.
Жоолуктар муфтияттын алдындагы Хадижа айымдардын окуу борборунун лидерлери жана окуучуларына берилген, — деп билдирет муфтияттын маалымат кызматы.
Саамалыкка КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Гульназ Исаева катышып, 2021-2026-жылдарга карата кабыл алынган концепцияны түшүндүрүп берди.