Садыр Жапаров туура багытта иш алып барбаса, 6 айда бийлиги олку-солку болуп, бир жылдын ичинде бийлигинен кол жууйт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жанар Кадыралиев, астролог:
-Жанар мырза, Россиянын астрологу  Светлана Драган шайлоо боло электе эле “Садыр Жапаров жазында кызматтан кетет”-деди эле. Анын айтканына ишенсек болобу?
— Астролог Светлана Драгандын айткандары таптакыр туура эмес. Ал, Россиянын башка күчтүү астрологдорунун алдында, билим деңгээли дээрлик нөль. Билими начар жана сабатсыз. «24-ноябрда Бишкекте терракт болот» — деп айткан. Кана болгону, болгон жок.  Бирок, Садыр Жапаров тегерегин тазалап, дос, тааныш, жакшы санаалаштын айтканын аткарганын, көңүлчөктүктү  токтотуп, катуу болушу керек. Алардын айткандарын эске албай, өзү чечим чыгарышы шарт. Антпесе, тегерегиндегилердин айынан  жазда болбосо да жайда бийлиги олку-солку болгон абалга кептелет.
Негизи  Садыр Жапаровду бир жарым жыл мурун уран планетасы колдогон. Азыр плутон планетасы астрономиянын тили менен айтканда дирекциялык метод менен  колдоп  жатат. Плутон планетасы колдогон үчүн октябрь айындагы толкундоодо бийликке келип калды. Негизи дирекциялык метод бир, бир жарым жылга созулат. Тагыраагы, бул методдун колдоосу бир, бир жарым жыл гана болот. Эгер Садыр Жапаров туура багытта иш алып барбаса, 6 айда бийлиги олку-солку болуп, бир жылдын ичинде бийлигинен кол жууйт.
-Бийлигин сактап кала турган мүмкүнчүлүк барбы?
-Бар. Ал үчүн жанындагы  саны көп, сапаты жок кеңешчилеринен арылышы керек. Чыңгызхандай болуп, чынчыл бир эле кеңешчини  угуп, анын айтканы менен жыйынтык чыгарышы керек. Бирок, Садыр Жапаров азырынча ал кишини    тааныбайт. Өзү да, башкалар да  тааныбаган, саясатта туура ой жүгүртө алган кеңешчи менен кызматташса,  бийлиги 15-20 жылга созулуп, адилеттүү президент болуп, элдин алкышына ээ болот. Ал кеңешчи башка досторундай болуп, өз кызыкчылыгын эмес, элдин кызыкчылыгын жогору коёт. Адилеттүү башкарууга салымын кошуп, Садыр Жапаровдун бийлигин бекемдеп, кемчилик кетирбей иштешине шарт түзөт.
Азыр жандап жүргөн, санаалаштары, кеңешчилери өздөрүнүн пайдасы үчүн гана иш кылышууда. Алар “бийлик алмашса Садыр Жапаров качат же камалат. Биз  эл ичинде калып калабыз» — деп  Жапаровду аңга түртүшөт.
-Садыр Жапаров кайсыл саясатчылар менен тил табышса, иши илгерилейт?
-Садыр Жапаров акылдуу душмандан эмес, акмак достордон коркушу керек. Жапаровго  Текебаевден  пайда болбосо  дагы Мадумаровдон пайда  келиши мүмкүн.  Ошон үчүн Мадумаров менен кызматташуудан кооптонбой койсо деле болот. Жогоруда айткандай  Жапаров акылдуу душмандан эмес, жардан ары түртүп жиберчү  акмак достордон коркушу керек.
 
“Ташиев бир, бир жарым жыл гана келген ооматты кармап турушу мүмкүн ”
Даражалуу кызматтардын бирин аркалаган Камчыбек  Ташиевдин ташы өйдөлөйбү?
-2017-жылы Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин  күздө, жазда  жылыш болбогонунан “Ташиев Сооронбай Жээнбековдун былыгын чукуп чыгат экен. Чыдамы түгөнүптүр” деген маалыматтарды басма сөз каражаттарынан  байма-бай чыгып  жатты. Өзү да бийликке болгон сынын 2018-жылы апрелде ачык айтып чыкты. Мындан толук бир ай өтүп, 2018 –жылдын  май айында Ташиевдин бир тууган иниси экөөбүз сүйлөшүп калдык.    Биринчи телефон аркылуу сүйлөштүк. Кийин  сүйлөшүүбүздү  месенжерден уланттык.   «Агаң убара болбосун.  Ары-бери чапкылаганы менен Сооронбай Жээнбеков аны бары бир карабайт. 2020-жылга чейин ары-бери чуркабай эле бизнеси менен алек болсун. Бизнеси жакшы эле жүрөт. Бирок, карьерасында жылыш болбойт. 2020-жылы   бийлик алмашканда  күтүүсүз жерден бийликке келет» дедим. Менин айткандарыма ынаныштыбы айтор, ошондон кийин “Камчыбек Ташиев Сооронбайдын былыгын чукуйт” деген публикациялар чыкпай, тып эле токтоду. Мен айткандай эле 2020-жылы күтүлбөгөн жерден бийликке келип, даражалуу кызматты аркалап калды.  Инисине «ну как мои прогнозы, не шуточные да» деп смс жазсам, өзүнүн баа бергендигин билдирди.
Азыр Камчыбек Ташиевди бири премьер- министр болот десе, экинчиси болбойт деп коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Премьер-министр болуп калса, менин прогнозум 100 эмес, 200 пайыз туура келген болот.
-Негизи эле Ташиев кандай иштейт? Айрым кадамдары менен элди иренжитип албайбы?
-Ал көп ичип, жей албайт.  Анткени, ал туулган сааттагы планеталарды карасак ага каражат жагын көрсөткөн миллион, миллиарддары чеңгелдеп жей турган бурчтар чыккан  жок. Планеталык принциптер боюнча деле андай ири каражаттар көрүнбөйт. Мындан Камчыбек  Ташиев ири суммаларды кымыра албайт деген тыянак чыгарсак болот. Тагыраагы башка чоңдор жегендей жей албайт. Бирок, көпкө  чейин чоң кызматта турат деп айтуудан да алысмын. Анткени, бийликте турган мезгили көп жылдарга созулбайт. Бир, бир жарым жыл гана келген ооматты кармап турушу мүмкүн. Аны Садыр Жапаров  4-5 жыл бийликте алып жүрө албайт.
Сизге кайрылган саясатчылар  барбы? Болсо кандай маселе менен кайрылышат?
— Мага 15-20 саясатчы бир жарым эки ай сайын кайрылып, тигил чиновникти же бул чиновникти карап бериңизчи. Кызматта канча убакыт турат экен, менин санаалашым эле  дешет. Иши ийгиликтүү болоорун   айтып, кызматта узак убакытка турат десең подход кылышып, кызмат үмүт этишет. Ошондой эле кээ бир саясатчылар «баланча менин душманым, качан ээрден шыпырып түшсөм ыңгайлуу болот экен» — деп да кайрылышат.  2020-жылы Ташиев бийликке келет десем, Ташиевге да кошомат кылып, көңүлүн алганга аракет кылгандар болгон. Азыр алар Ташиевге чиркешип алып, кызмат үмүт этип жүрүшөт.
Эң негизгиси  мага кайрылган саясатчылардын көпчүлүгүнүн иши илгериледи. Түрмөдөгүсү эркиндикке чыкты. Кызматтагысы өз жүзүн сактап калды. Тагыраагы, мени менен кызматташкандарга планеталардын колдоосу бүткөндө «Туман, караңгыда калдыңыз. Кызматыңызды өткөрүп, жарык жүзүңүз менен  кетип калыңыз» деген кеңештеримди берем. Мени менен кызматташканы учурунда кызматтан кетип, кадыр-баркын  сактап калышат.
Сооронбай менен Асылбек Жээнбеков камалат же качат”
Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков да камалышы керек деген пикирлер коомчулукта көбүрөөк айтыла баштады. Аларды кандай тагдыр күтөт?
-Сооронбай Жээнбековду Алмазбек Атамбаев мураскор кылып тандаганда эле, «булар кетет Сооронбай Жээнбековду бекер коюп жатат» — деп кейигенмин.  «Эки бир туугандын бирөөсү көп жыл спикер болду. Экинчиси премьер министр болду. Ушул кызматтарга алым сынып, нысап кылып, президент болбой эле коюш керек» — деп бирге иштегендерге да көп жолу какшап-какшап айтканмын. Ал кезде мен ГРСте иштечүмүн. Ушул сөздөрүмө  ошол кесиптештерим күбө. Азыр орган тарапта иштейм. Ошондой эле Сооронбай Жээнбековду күчтөп президент кылып жатышканда «Жээнбековдор бийликтен  күтүүсүз жерден кетет» дегенимди жана  аттуу-баштуу саясатчылар,“туура үч жылда кетет” — деп айткансың.  «Айткан мөөнөтүң да  туура келди» — деп баштарын чайкап эмдигиче таң калып жүрүшөт.
Эң негизгиси булар кызматтан кетип эле тим болбойт. Эми камалат же чет мамлекетке качканга аргасыз болушат. Анткени, Юпитер менен Уран планетасы Сооронбай Жээнбековдун да, Асылбек Жээнбековдун да туулган күндөрүндө чыңалуу  абалында жайгашкан. Юпитер юридикалык көйгөйлөрдүн, чет мамлекеттерге байланыштуу планета. Ал эми уран планетасы күтүүсүздүктүн планетасы. Бардык окуялар күтүлбөгөн жерден болуп кетээринен кабар берет. Ошон үчүн булар күтүлбөгөн жерден саналуу сааттын ичинде эле кетип калды. Азыр абал оорлошо электе Кыргызстандан  убактылуу чыгып кетишсе өздөрү үчүн дурус болот. Антпесе кылмыш жоопкерчилигине тартылып калуусу турган сөз.
-Асылбек Жээнбеков менен сүйлөшкөм деп жүрөсүз. Ал кеңештериңизди укпай койду  беле?
— Асылбек Жээнбеков экөөбүз анын кабинетинде баарлашканбыз. 2017-жылдын 28-февраль күнү эле. Тийиштүү кеңештерди  бергем. «Бул мезгилде сак болуш керек, тиги мезгилде абайлаш керек” — деп кеңеш  бергем.  Бирок, «мен молдодон сурайынчы, молдо  менен кеңешип көрөйүнчү» деген.  Ошондо молдонун кеңешин укпай, менин кеңешимди укканда: «агаңызды президенттикке түртпөй эле койгула, аягы жакшы менен бүтпөйт. Кадырыңарды сактап, ушул кызматтарга эле топук кылгыла деп айтмакмын. Мына эми көзү ачыктардын, молдо-кожолордун кеңеши жакшыбы же астрономдордун кеңеши жакшыбы? Өзүңөр акыл жүгүртүп көргүлө.
Биздин саясатчылар профессионал-астролог, астрономия илими эмне экенин  билбегендиктен улам камалганы камалып, качканы качып, президенттери бийликтен тепки менен кетип жатышат. Биздин саясатчылардын көбү китеп окубагандыктан, маалыматы аз, билимсиз болгондуктан көзү ачыктарга, молдо-кожолорго көп ишенишет экен.
Маселен, Борис Ельцин менен Н.Назарбаев мыкты болсо да астрологдордун пикирин угуп, жыйынтык чыгарышкан. Айтайын дегеним, Ельцин жаңы жылга жарым саат калганда жеке өзүнүн астрологунун кеңеши менен отставкага кетээрин  жарыялаган. Анткени, ага жеке  астрологу “кызматтан кетиңиз, болбосо иштериңиз татаалдашып, аягы чатак менен жыйынтыкталат” деген. Астрологдун кеңеши менен учурунда туура чечим кабыл алганы үчүн кадырын, сыйын сактап калды. Көзү өткөнчө урмат-сыйдын үстүндө болду. Негизи өнүккөн мамлекеттерде астрологдордун жардамысыз иш алып барышпайт.
Раимбек Матраимов өмүрүнүн аягына чейин күтүлбөгөн  чыгымдарга  туш болот”
Кайсыл бийлик келбесин чоң талкууну жараткан Раимбек Матраимов тууралуу нелерди айта аласыз? Анын мындан аркы тагдыры кандай болот?
Раимбек Матраимовду 2002-жылдары эле Сатурун планетасы прогрессиялык ыкма менен Марсты активдештирген. Ошон үчүн 20 жылдан ашык бажы кызматында иштеп, чоң суммадагы каражаттарга ээ болгон. Космосто эмне болсо, жерде ошол болот демекчи буга чоң байлык асмандан берилген. Ошондуктан эбегейсиз байлыкка ээ болгон. Планеталардын колдоосу  басаңдагандан бери кирешеси азайган. Тагыраагы, баштагыдай киреше кирбей калган. Бизнестери болгону менен баштагыдай күркүрөбөйт. Канча аракет кылса да бизнеси жылдан жылга солгундайт. Анткени, акчанын планетасы болгон Венера жана күтүүсүздүктүн планетасы болгон  Уран өтө начар жайгашып жатат. Бул нерсе күтүүсүз жерден чыгымдар көп болот дегенди түшүндүрөт. Ошон үчүн Матраимовдордо күтүлбөгөн чыгымдар көп болуп, пандемия убагында элге жардам беришип, чоң суммадагы каражатка чыгым болушту.
Мурдагы алдым-жуттум, ичкич, жегич чоңдордун ичинен эң көп чабылып, чачылган, элге эң көп жардам бергени Раимбек Матраимов болду. Раимбек Матраимовдо өмүрүнүн аягына чейин күтүлбөгөн ири суммадагы чыгымдар боло берет. Жаман айтпай жакшы жок демекчи жакшылык эле болуп турсун. Кокус Кыргызстанда дагы кооптуу учурлар боло турган болсо, дагы деле Раимбек Матраимов элге кол сунат. Миллиондогон, миллиарддаган каражаттарга чыгым болсо да, элге жардам берет. Ак көңүл экен. Ошон үчүн кандай мезгил болбосун элден аянбайт. Эл  да Матраимовго эле асыла бербеши керек. Ал чыгарчусун чыгарып, элге берчүсүн берип эле жатат.  Зарыл болсо дагы да чыгара берет. Элдердин айтымына караганда үйү жок, квартиралап турмуштун азабын тартып жүргөндөргө үй белек берип койгон учурлары да болгон экен. Анын мындай  айкөлдүгү дагы деле уланат. Бирок, бул маалыматты  окуп алган уяты жок адамдар эртең эле жетип барып, үйүнүн алдына тизилип, кезек күтүп  отуруп албашы керек. Жардам бергиси келгендерге сурантпай эле жардам берет.
Матраимов менен мамилеңиз барбы?
-Матраимовду таанымак турсун  өмүрү көргөн эмесмин. Жакындары менен сүйлөшкөн да эмесмин. Болгону планеталардын жайгашуусуна жараша айтып жатам. Негизи Матраимовду  кыстап, кыйнап  “кустуруш керек, төлөтүш керек” — деп жалгыз эле буга асыла берген  туура эмес. Эл айткандай Аскарбек Шадиевди, Дүйшөнбек Зилалиевди жана буга чейинки элдин эсебинен байыган алдым-жуттумдардын баарын кустурса, мамлекет тышкы карыздан жөн кутулат. Ошон үчүн Матраимовдорго эле асыла бербей, башкаларды дагы кустуруш керек.
Сыймык Жапыкеевдин нервине тийген оуялар, интригалар күч алат”
Сыймык Жапыкеев тууралуу да түрдүү кептер айтылып, бири Баш прокурорлук кызматка келишин кааласа, экинчиси текшерген адамдарынын байлыгын өөнөп жатат дешет. Жапыкеев кызматынан кол жууп калбайбы?
-Сыймык Жапыкеевди түндүк ай түйүнү  жана юпитер планетасы колдогону үчүн октябрь айында Финансы полициясын жетектеп калды. Анткени, ошол  убакта асмандагы планеталардын колдоолору пикке жетип, Жапыкеевдин карьерасында чоң бурулуш болуп, чоң кызматтын бирин аркалады.  Эки айдан бери планеталардын колдоосу начарлай  баштады. Ошон үчүн ушак-айыңдарда аты аталып, каралоо башталды. Душмандары канча аракет кылса да,  январь, февраль айларында Сыймык Жапыкеев кызматынан кете койбойт. Интрига, бут тосууларга туш болгону менен ишинен алып сала турган маселе жаралбайт. Бирок, июнь айында сак болбосо, ишинен кол жууп калуу коркунучу жаралат. Карьерасына коркунуч жараткан июнь айынан өтүп алса, күз айларына чейин өз иши менен алек болот. Бирок, октябрь ноябрь айларында анын кызматына көз арткандар кайра жанданып, Сыймык Жапыкеевди кызматтан алуу үчүн уюшулган  интрига каралоолор күч  алат. Бирөөлөр менен айтышып,  конфликттүү кырдаалга туш болот. Аны иштен алып салышпаганы менен анын нервине тийгендер тынчыбайт. Тагыраагы, иштен алабыз деген жана түрдүү каралоолор күч алып отуруп, 2022-жылдын февраль айларында дагы пикке жетет. Тагыраагы, бут тосуулары, көрө албастардын аракеттери  күчөйт. Негизи буга асылгандар бир жыл бою тынчыбайт.  Нервине тийген окуялар, интригалар күч алат.
Сыймык Жапыкеев кызматтан түшкөн күндө да акчасы жок калабайт. Тагыраагы, 10 жыл бою  акча жагынан маселе болбойт. Кирешеси кызматы жок отуруп калса да үзүлбөйт. 10 жыл бою кирип жаткан кирешесине эч ким бут тосо албайт. Саясатчылар жана башкалар ар нерсени сүйлөшкөнү менен анын киреше кирген булактарын тосо албайт.

Адинай Акматова

Опер.кж

Аргумент.kg