Мурдагы президенттер мындай кадамга бара алышчу эмес. Маселен, Садыр Жапаров түн ичинде шопурун айдатып алып, шаар аралап, күзөтчүлөрү жок эле кыдырганын эшиттик. Эч ким деле байкабайт экен. Жолугушуу, таанышууларды өткөргөнү, кээде туулган күндөргө барганы кызык бекен? Адатта президентти чиновниктер, жансакчылары коштоп, топурашып жүрүшөт эмеспи. Мындай “кордуктан” Садыке сыгылып, кысылып кетет окшойт. Анан түнкүсүн шапкесин баса кийип, кортежи жок эле жолтандабас менен зуулдап, иштерин бүтүрө бергени таңгалдырды. Жигитчилик, күйүп турган духу бар да…
«Азия Ньюс» гезити