Садыр Жапаров президенттик шайлоодон жеңилип калса эмне болот?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

10-январга белгиленген президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 5 талапкер арыз менен кайрылды. Алардын катарында Адахан Мадумаров, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Арстанбек Абдылдаев жана Бектур Асановдор бар. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров да кызматын тапшырып, жөнөкөй жаран катары бул шайлоого катышуу ниетин билдирген болчу. 4-ноябрда болсо президенттин милдетин аткаруу милдетин 14-ноябрга чейин өткөрүп берерин айтты. Бирок, премьер-министрлик кызматы тууралуу унчуккан жок. Демек, ал ордун эч кимге бербейт.
С.Жапаров жана анын командасы президенттик шайлоодон жеңип келип, андан соң бир мандаттуу Жогорку Кеңештин шайланып келүүсүн камсыз кылууга аракет кылып жатканы байкалууда. Садыр Нургожоевич 3-ноябрда Ош шаарында эл менен жолугушуп жатып партиялык система өзүн актабай калганын, элдин каалоосу бир мандаттуу парламент болуп турганын билдирген. Демек, азыркы утурумдук бийлик Конститицияны өзгөртүп, президенттик башкарууну кайра күчөтө тургандай жол менен баратат. Эгер бул план ишке аша турган болсо жарым жылдан кийин Садыр Жапаров эбегейсиз бийликти колуна алат.
Экинчиден, С.Жапаровдун президенттик шайлоодон жеңип келерине толук кепилдик жок. Анткени, андан кем калбаган колдоочулары бар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, “Республика” партиясынын түптөөчүсү Өмүрбек Бабанов (азырынча шайлоого катышарын чече элек), “Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев сыяктуу саясатчылар турат. Андыктан Жапаров үчүн президенттик жарыштан алдыга озуп чыгуу оңойго турбайт. Эбегейсиз каражат керек, кландардын көңүлүн табуу зарыл. Дээрлик үч жыл камакта жатып чыккан саясатчынын шайлоо чыгымдарын кайдан табары азырынча белгисиз.
Эгер С.Жапаров президенттик жарыштан утулуп калса эмне болот? Алдын ала божомол боюнча кайра эле саясий толкундоолор, митингдер болушу мүмкүн. Президенттик жарыштын 10-январда өтүшүн эске алганда, ал учурдагы аба ырайы митингчилерди узак убакытка алып жүрүүнү өтө татаалдандат. Ал эми шайлоодон жеңип чыгуу үчүн С.Жапаров кыска аралыкта чечкиндүү кадамдарга барышы керек. Учурда бардык бийлик колунда турганда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили сыяктуу 5-10 күндө жыйынтык бере чыга турган аракеттерди жасашы зарыл. Жаңы жылга чейин азыркыдай кадрларды алмаштыруу менен убара болуу көрүнүшү улана берсе, С.Жапаровдун шансы кыскара берет. Анда шайлоодон жеңилип калса деле эл буга чейинкидей колдобой коюшу ыктымал. Андыктан Садыр Нургожоевич үчүн ар бир мүнөт чечкиндүүлүктү талап кылып турат.
media-center.kg

Аргумент.kg