Садыр Жапаров менен Өмүрбек Бабанов биригет…
11-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваПрезидент Садыр Жапаров менен Өмүрбек Бабанов жолугушарын президенттик аппараттын басма сөз катчысы Галина Байтерек тастыктады.
Анын айтымында, жолугушууда өлкөгө инвестиция тартуу маселеси тууралуу сүйлөшүшөт.
«Менин угушум боюнча Өмүрбек Бабанов инвесторлорду чакырып жатат. Ал инвестициялык экономикалык долбоор сунушташы мүмкүн», — деди ал.
Саясатчы Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо талапкерлигин койбой, Садыр Жапаровду колдой турганын билдирген.