Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөйт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Президент Садыр Жапаровго коронавирус инфекциясына каршы вакцина сайдыруунун кажети жок. Мындай пикирин саламаттык сактоо министри Бейшеналиев Sputnik агенттиги менен сүйлөшүп жатып билдирди. Анын айтымында, Жапаров ооруп айыккан, мындан улам 9-9,5 көрсөткүчүндөгү антителосу бар. «Ага вакцина сайдыруунун кажети жок, анткени реакция жүрүп кетиши толук мүмкүн. Президенттин организминде антитело иштелип чыккан. Мен муну медик катары да, саламаттык сактоо министри катары да айтып жатам», — деди Бейшеналиев. Эскерте кетсек, 29-март күнү өлкө боюнча эмдөөнүн биринчи этабы башталат. Булак: argument.kg

Аргумент.kg