Садыр Жапаров: “Биз кылмыш кылып кайсы мекемени басып алдык эле?»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Президент Садыр Жапаров “Вечерний Бишкек” интернет басылмасына курган маегинде, учурда камакта жаткан айрым саясатчылар жөнүндө суроолорго жооп берген. Жапаров 2020-жылдын октябрь окуяларында УКМКнын азыркы жетекчиси Камчыбек Ташиев эч кандай мекемини басып албаганын, мыйзам чегинде бийликке келүүгө аракет кылганын билдирген.

“Биз кылмыш кылып кайсы мекемени басып алдык эле? Асановго окшоп ИИМди бир жума, башкаларына окшоп башка мекемелерди он күндөп басып олтурган эмеспиз. Тескерисинче, «өлкө боюнча басып алган мекемелерди бошоткула, башчысы качып кеткен болсо, орун басарлары иш алып барып турсун, мамлекеттин иши бир мүнөт дагы токтобосун» деп кайрылып жаттык го”, — деп жооп берди Жапаров.

Ал ошондой эле камактагы Бактыбек Калмаматов жөнүндө дагы суроого жооп берип, аны кызматка чакырганын айтты. Бирок аны “учурда айрым саясатчылар пайдаланып жатканын” белгилеген.

“Бул баланы артында турган карт бөрүлөр «сен ушинтип кыйкырып чык» деп көкүтүп сүрөп коюп жатышат. Алардын баары кимдер экенин билебиз. Алардын да жооп берчү убактысы келет. Жаш бала алардын курмандыгы болуп калды. Фейк аккаунт ачып алып, элди кайраштырып, тополоң чыгып кетсе экен деп аракет кылып жатат. Кылган кылмышы үчүн жооп берсин да”, — деди Жапаров.

Эске салсак, 2020-жылдагы октябрь окуяларына байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир нече саясатчыга кылмыш иши козголуп, соттук териштирүү жүрүп жатат. Парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда «Манас» эл аралык аэропортунан кармаган. Атайын кызмат аны «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен айыптаган.

Жогорудагы саясатчылар кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалып келишет.

Аргумент.kg