Садыр Жапаров: “Башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгын колдогон саясатчыларга ишенбегиле”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Чек арада болуп жаткан окуялар тууралуу президент Садыр Жапаров комментарий берди. Ал социалдык баракчасына жазган постунда, Кыргызстан чек арадагы чырды сүйлөшүү жол менен чечүү аракетинде иштеп жаткандыгын билдирген.

«Урматтуу Кыргызстандыктар!
Чек арада болуп жаткан окуялар биринчи мүнөттөрдөн баштап, толук менин көзөмөлүмдө. Кудай буюрса баарын тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечебиз. Кабатыр болбой тургула.

Кырдаалды курчутуш үчүн жалган маалымат таратып жаткан ММКларга жана башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгын колдогон саясатчыларга ишенбегиле»,- деди президент.

Аргумент.kg