Садыр Жапаров: Бакиев мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип жатып, Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев тууралуу суроого жооп берди.

Садыр Жапаровго Бакиев мыйзам чегинде соттолгону жана аны кармагандын ордуна эмнеге жолугушуу өткөргөндүгү тууралуу суроо узатылган.

“Ооба, ал киши боюнча “соттолду” деген соттун чечими бар. 13 жылдан бери Беларуска биздин Башкы прокуратура “бизге өткөрүп бергиле” деп төрт жолу суроо-талап жөнөткөн экен. Төрт жолу тең баш тартышкан.

Менин жолугушуум боюнча айтсам. Биздин Баш мыйзамыбыз эң жогорку мыйзам. Мыйзамдардын атасы. Баш мыйзамдын 66-беренесинин 2-пунктунда “Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат” деп милдеттендирип турат. Мен милдетимди аткарып жатам. Ал эми жоопко тартылуусу боюнча болсо, ар бир адам Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет”, — деп баса белгиледи Жапаров.

Аргумент.kg