Садыр Жапаров: Аскар Акаев эл алдында кетирген каталарын толук актады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров «Вечерний Бишкек» агенттигине курган маегинде билдирген.

Журналист президентке «Кумтөр» маселеси кандай чечилип жатканы боюнча суроо узаткан.

«Кумтөр» боюнча юридикалык документтерге кол коюу процесстери жүрүп жатат. Буюрса, жазга чейин бүтөбүз. «Кумтөр» бизге өткөнү анык. Мында Аскар Акаевичтин эки жолу келип, тергөөгө берген сурагынын пайдасы болду. Кыскасы, Аскар Акаевич мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады десек болот. Андан сырткары, тергөө менен кызматташкан мурдагы өкмөт башчылары жана депутаттардын да көрсөтмөлөрү таасир этти. Кийин ийне-жибине чейин айтып берем. Азыр болбойт. Баары бүтсүн, бүткөндөн кийин кенен сөз кылабыз, чыдап тургула», — деген Жапаров.

Эске салсак, Аскар Акаев ушул жылдын август айында 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген. Андан кийин элге кайрылуу жасап, «Кумтөр» долбоору боюнча өкмөткө ишенип чечим кабыл ала бергенин айтып кыргызстандыктардан кечирим сураган.

Аргумент.kg