Садыр Жапаров Акматбек Келдибековду көргүзү келбейби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 Бир кезде “бригада” деп аталган кан достордон болгон Келдибеков, Ташиев Жапаровдордун бүгүн мамилеси кандай? Жакындан билгендердин айтымына караганда булардын мезгилдин жана саясаттын сыноолоруна туруштук бере алган жок. Мындай болуп кеткенге ар түрлүү себептер айтыла калып жүрөт. Маселен: 2010-жылы болуп өткөн шайлоодо “Ата-журт” партиясына колдоо ирээтинде коңшулаш Казакстандан бир нече миллион АКШ доллары түшкөн. Ал каражатты алып жана жумшоо Келдибековдун бактысына туш келген. Бирок Садыр Жапаровдун “Саясатта он жыл” китебинде белгиленгендей Келдибеков алган каражаттын он гана пайызын партиянын эсебине жумшап, калганын чөнтөгүнө уруп койгон имиш. Ал эми 2010-жылы Акматбек Келдибеков “Ата-Журт” партиясынын квотасы менен парламентке спикер болуп шайланат. Андан соң 2011-жылы президенттик шайлоодо ат салышкан досу Камчыбек Ташиевди колдоого албай коет. Бул тууралуу Ташиев ММКларга берген интервьюларында баса белгилеп: “бала кезден чогу жүргөн досум Акматтан мындайды күткөн эмесмин”-деп капаланганын окурмандар жакшы билет. Ушундай карама-каршылыктардан улам 2020-жылкы парламенттик шайлоодо Ташиев “Мекенчил” партиясын алып чыгат. Коомчулук жакшы билгендей “Мекенчил” партиясынын өзөгүн ал кезде куугунтукта жургөн азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери түзгөн. Партиянын тен төрагасы Ташиевге Садыр Жапаров өзүнүн өтүнүч талабын койгон. Анда ал: “Келдибеков деген фамилия тизмде болбосун”-деп айтканын ошол кезде партиялаштары ачык эле талкуулап жүрүшкөн. Ал эми Жапаров менен Ташиевдин достугу азырынча ийгиликтүү уланып жаткандай. Бирок аягы эмне болот? Бул суроо коомчулукта күчөй баштады. Баардыгына убакыт жана мезгил тараза. Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg